Президент Кочкор районунун акимин алмаштырды
Нарын облусунун Кочкор районунун акими Камил Чоткараев кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Чоткараев Камил Алияскарович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык, Баялы Досалиев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды.
