
Таласта кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 2 айлык акция башталды
Таласта кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 2 айлык акция старт алды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-ноябрда мэриянын жыйындар залында мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлүп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча 2024-2025-жылдарга карата иш-пландар талкууланды.
Бул иш-чара министрлер кабинетинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу концепциясынын жана ИИМдин талаптарынын негизинде ишке ашырылууда.
Жолугушууда жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакытта жүрүүсүн көзөмөлдөө жана эмгекке мыйзамсыз тартылуусунун алдын алуу боюнча рейддерди уюштуруу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, Талас шаарынын ички иштер бөлүмү жарандарды алдамчылык фактыларынан сак болууга чакырган баракчаларды таратып, алдын алуу иш-чараларын күчөттү.
Акция 2024-жылдын 20-ноябрынан, 2025-жылдын 20-январына чейин уланат.
Иш-чара облус аймагында кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.