Коллегияда ЖКККББнын башчысы кызмат ордунан бошотулуп, ички иштер органдарынын бир катар жетекчилери ротацияланды
4 ноябрь

Коллегияда ЖКККББнын башчысы кызмат ордунан бошотулуп, ички иштер органдарынын бир катар жетекчилери ротацияланды

Бүгүн, 2025-жылдын 4-ноябрында Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн коллегиялык отурум болуп өттү.  Анда, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлгөндүктөн, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендигине байланыштуу, коллегиянын чечими менен   ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков кызмат ордунан бошотулду.

Ал эми, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Алмаз Осмонбеков кызмат ордунан бошотулуп, ИИМдин Ички аудит кызматынын башчысы кызмат ордуна дайындалды.

Ал эми, Ички иштер министринин кеңешчиси  Улан Бийбосунов кызмат ордунан бошотулуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы кызмат ордуна дайындалды. 

Белгилеп кетсек, ИИМдин жетекчилигинин бул чечимдери башкармалыктардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү үчүн жетектөөчү курамды ротациялоо максатында жүргүзүлдү.