Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотту
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын күчөтүү жана лицензиялоо-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын бекемдөө максатында уюштурулду.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдары негиз болду.
Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылды.
