Чүй облусунда бир нече алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
2025-жылдын 6-декабрында Ысык-Ата РИИБге О.К. атту жаран арыз менен кайрылган, ал арызында, 2025-жылдын сентябрь айында Т.М. аттуу жаран ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен Туз айылындагы үйүнөн 15 баш койду алып кеткенин, жана бүгүнкү күнгө чейин кайтарбаганын билдирген. Натыйжада, жаранга 315 000 сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген.
Ошол эле күнү Ысык-Ата РИИБге К.А. аттуу жаран да арыз менен кайрылган, ал арызында, 2025-жылдын май айында Т.М. аттуу жаран ишенимге кирип, Милянфан айылындагы үйүнөн алдоо жолу менен 2 баш бодо мал жана 13 баш койун алып кеткенин, жана бүгүнкү күнгө чейин кайтарбаганын билдирген. Натыйжада, жаранга 696 000 сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген.
Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1986-жылы туулган Т.М. атту шектүүнүн кайда экенин аныкташкан. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө улантылууда.
