Лейлек районунун жазгы талаа иштеринин даярдыгы текшерилди
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын жазгы талаа иштерине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын карамагында 34 даана насостук агрегат бар.
2025-жылдын даярдык планы боюнча 18 даана насостук агрегатты оңдоо каралып, ондоо иштери жүрүп жатат. Кулунду, МК-1, Дашрабад, Ак-Терек,Тешик,Төө-Жайлоо каналдарында тазалоо жумуштары аткарылып, суу берилүүдө.
А.Ташбалтаев Арка каскадына барып, ирригациялык маанилүү объекттин ишмердүүлүгүнөн да кабар алды.
Аны менен катар Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан эркин экономикалык аймагындагы 74га жерге тамчылатып сугаруу системасы менен өздөштүрүлгөн бакты көрдү. Бакты сугаруу үчүн 2 даана суу кудук курулган. Натыйжада 30 миң даана көчөт отургузулган.
Абдирашит Ташбалтаев, жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн сугат объекттерин дыкат көзөмөлдөө, сугат аянттарын кеңейтүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.
