Эске салабыз! Кыргызстандыктар ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алат
30 октябрь

Эске салабыз! Кыргызстандыктар ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталгандыгын билдирет.

Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 7-ноябрынан 10-ноябрына чейин эс ала алышат.