"Ак Босого" конушунда 31-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
30 октябрь

"Ак Босого" конушунда 31-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт

"Ак Босого" конушунда 31-октябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү району: "Ак Босого" турак жай конушу.

«Ак Босого-1» , «Ак Босого-2» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.