Кыргызстандагы 263 жеке клиниканын иши токтотулду
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү.
Ведомстводон кабарлашкандай, бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын күчөтүү жана лицензиялоо-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын бекемдөө максатында уюштурулду.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдары негиз болду.
Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылды. Аларга төмөнкүлөр кирет: лицензияда каралбаган багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүү, кызматкерлерде тиешелүү сертификаттардын, аттестациянын жана профилдик билимин жоктугу, медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана инфекциялык көзөмөлдүн сакталбашы, шаймандарды туура эмес стерилизациялоо, каттоого алынбаган дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды, анын ичинде өзгөчө көзөмөлгө алынуучу каражаттарды туура эмес сактоо жана колдонуу.
Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик чаралар көрүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашты. 263 медициналык уюмдун иши токтотулду, ал эми 246 мыйзамсыз медициналык иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын лицензиясы жок медициналык мекемелерге кайрылуусу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилейт. Анткени профилдик билими жана тиешелүү уруксаты жок адамдар көрсөткөн кызматтар оор кесепеттерге, анын ичинде инфекцияларга, медициналык манипуляцияларды туура эмес жасоого жана бейтаптардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жана өлкө конокторун медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган медициналык уюмдардан гана алууга чакырат. Лицензиясынын бар-жогун, ошондой эле лицензияланган субъекттердин тизмеси жана көрсөтүлгөн кызматтар менен министрликтин расмий сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүнөн — med.kg/lisenzirovanie — таанышууга болот.
