Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан киберкылмыштуулукка шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырган «Т.Б., А.Д., М.» аттуу белгисиз адамдар WhatsApp мессенджери аркылуу ишенимине кирип, алдоо жолу менен 974 200 сом өлчөмүндө акча каражатын котортуп алганын билдирген.
Аталган факт боюнча Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-прим 1 (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2005-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран коммерциялык банктардын биринен банк картасын ачып, үчүнчү жактарга мыйзамсыз аракеттерди жасоого шарт түзүп, материалдык зыян келтирүүгө көмөктөшкөнү аныкталды.
Кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКсынын 96 жана 97-беренелерине ылайык, Н.Э. шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу камоо жайына киргизилди.
