Бишкек: Свердлов районунда көмүр базаларынын иши боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясы тарабынан 2025-жылдын 4-ноябрында №304 жана №307 муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү менен биргеликте Калинин көчөсү жана Айланма жолдун ведомстволук карамагындагы тилкесинде көмүр кампаларына текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы №282 токтомуна ылайык – «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомун аткаруу максатында өткөрүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө көмүр кампаларынын жана сатуучулардын иши боюнча бир катар маселелер – көмүрдүн жеткирүү графиги, баа саясаты, санитардык талаптардын сакталышы жана тегерек-четтин тазалыгы текшерилди. Ошондой эле көмүр сатуу менен алектенген жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо жана тартипти камсыз кылуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Бүгүнкү күндө Свердлов районунун аймагында Калинин көчөсү №8/1, Кыргыз көчөсү №902 контур жана Курманалиев көчөсүндө “Кыргыз көмүр” ишканасына таандык үч көмүр базасы иш жүргүзүүдө. Азыркы учурда 1 тонна көмүрдүн баасы орточо 5800 сомду түзөт. Ар бир базага күн сайын 28–30 тонна көмүр келип түшүүдө, бул калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берүүдө.
Мындан тышкары, жеке ишкерлер тарабынан “Ак-Бата” жана “Ак-Жар” конуштарында кошумча көмүр сатуу жайлары уюштурулган. Ал эми “Төмөнкү Ала-Арча” айылынын Кыргыз көчөсүндө 12 көмүр сатуу чекити иштеп жатат. Аталган жайларда “Кара-Кече” маркасындагы көмүр 1 кап үчүн 270–300 сомдон сатылууда.
Свердлов муниципалдык администрациясы тарабынан кышкы мезгилде калкты көмүр жана отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо, баанын туруктуулугун жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу багытында иш-аракеттер системалуу түрдө жүргүзүлүүдө.
