Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 1нен 7-декабрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 254 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-1 733;
- Мас абалында унаа башкаруу -281;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-187;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1009;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 236;
- Автоээнбаштык -24;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 148;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 12;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 591;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 033 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
