Дыйкандар эми насыя алуу үчүн банкка барышпайт – алар үчүн атайын уюлдук тиркеме ишке киргизилет
9 декабрь

Дыйкандар эми насыя алуу үчүн банкка барышпайт – алар үчүн атайын уюлдук тиркеме ишке киргизилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 3+2 пилоттук долбоорун келерки жылы кеңейтет.

Белгилей кетсек 3+2 – бул 3 дыйкан жана 2 мал чарбачылыгы менен алектенген тараптар тандалып, жыл бою министрликтин атайын адистеринин кароосунда, камкордугунда болушат. 2026-жылы бул долбоор кеңейтилип – 30+20+10 болуу алдында турат. Андан сырткары министрлик тарабынан атайын электрондук портал иштелип чыгууда.

Аталган министрликтин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдиргендей, электрондук порталга өлкөдөгү дыйкандар катталат.

“Учурда пилоттук негизде “Дыйкандын жеке кабинети” тиркемесин иштеп чыктык. Ал толук ишке киргизилгенден кийин, ар дыйкан банкка барып, кезек күтүп отурбай, үйүндө жатып насыя, лизинг ала алат, адистерден үрөн, техника, себүү, жыйуу ж.б. маселелер боюнча бардык керектүү маалыматтарды алса болот. Республика боюнча 400-500 миңге жакын дыйкан бар, келечекте баарын ушул тиркемеге киргизели деп турабыз”, – деди Идирисов.