Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
9 декабрь

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 8-декабрда саат 20:15те катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер силкинүү Баткен районунун Рават айылында 3,5 балл, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 3 баллга чейин сезилген (Рават айылынан 12 чакырым түндүк чыгышта, Лейлек айылынан 17 чакырым түндүк чыгышта, Ак-Татыр айылынан 17 чакырым түндүк батышта, Баткен шаарынан 48 чакырым түштүк батышта)

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.