ЖКККББ тескөөчүсү: Айдоочу жүргүнчүлөрдүн өмүрү үчүн жоопкер
КР ИИМ ЖКККББнын транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын тескөөчүсү, милициянын капитаны Авазбек Шүгүрбеков акыркы учурда Кыргызстанда орун алып жаткан жол кырсыктарынын башкы себеби катары кайдыгерчиликти атады.
“Акыркы 2 күн ичинде эле 10 адам жол кырсыгынан көз жумду. Акчаны, башканы тапса болот, бирок убакыт менен адам өмүрүн табыш кыйын. Жол кырсыктарынын көбөйүшү – айдоочулардын, ошол эле учурда жүргүнчүлөрдүн кайдыгерлиги. Азыр тойдун мезгили, мисалы, адам алыс жакка тойго барат дагы, түнү менен тойдо болот. Аны “уктап эс алып ал, эртең алыс жолго чыгасың” деген эч ким жок. Эрте менен машинасын айдап жолго чыгып кетет. Жол эрежесинде так тартиптер жазылган. Аларды бузуу – адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарына алып келиши мүмкүн”, – деди Шүгүрбеков.
Айтымында, ЖКККББнын ишеним номери иштейт: 777 102 102 – бул номерге жолдогу ар кандай эреже бузуулар тууралуу маалымат жөнөтүүгө болот. Ар бир келген маалымат көңүл сыртында калбайт, ага чара көрүлүп, жөнөтүүчүгө жооп иретинде маалымат берилет.
“Көбүнчө ылдамдыкты сактабоо, каршы тилкеге чыгуу сыяктуу жол эрежелерин бузуулар кырсыктарга себепкер болот. Мисалы, мурда айдоочу жолдогу чуңкурдан качап деп жол кырсыгына дуушар болду деген көп айтылчу. А азыр жолдордун абалы жакшы, бирок ага карабай жол кырсыгын жараткандар көп. Анткени айдоочу камера менен айрым жол боюнда турган МАИ кызматкеринен гана коркот. Калган эч кимден коркпойт. 150-160 менен газды басат, алдыда эмне болот, ошол жолдун сырын билеби, унаасынын техникалык абалы кандай – ал тууралуу ойлонуп да койбойт. Жол эрежесинде так жазылган – автоунаанын техникалык абалы айдоочунун жоопкерчилигинде. Техникалык абалы талапка жооп бербеген унааны айдоо – бул жоопкерчилик. Айдоочу жанында отурган жүргүнчүлөрдүн да өмүрү үчүн жооп берет”, – деди ал.
Ал эгерде жол кырсыгы катталып, айдоочу аман калса, каза тапкан жүргүнчү үчүн жооп берээрин кошумчалады.
