Парламенттик шайлоо: Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылат жана бардык кыргызстандыктар добуш бере алышат
4 ноябрь

Парламенттик шайлоо: Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылат жана бардык кыргызстандыктар добуш бере алышат

Алдыда болчу парламенттик шайлоого чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын баары катышып, тандаган талапкерине добушун бере алышат. Ага өбөлгө болчу шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу КР ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, бул сапар парламенттик шайлоого даярдык өзгөчө болууда. Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылат.

“Салыштырып көргөндө, мисалы, Талас облусунда 120дан ашыгыраак шайлоо участогу болот. Ошондо, чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогун ачуу – бул бир облустун деңгээлинде болуп калат. Рекорддук сан. Мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болууда. Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп ачылып жатат: мисалы, буга чейинки парламенттик шайлоолордо чет өлкөлөрдө 48, андан кийин 59 шайлоо участоктору ачылган болчу”, – деди ал.

Ал белгилегендей, чет өлкөлөргө иш издеп кеткен кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россия жергесинде болгондуктан, 100 шайлоо участогунун 40ы ошол жакта. Шаарларга бөлгөндө: Москва шаарында – 7, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярс – 2ден, калган айрым шаарларда бирден.

Ал эми калган 60 шайлоо участогу Түркияда – 8, Казакстан – 7, Америка – 6, Түштүк Корея – 4, Италия – 3. Ал эми Германия, Кытай, Бириккен Араб Эмираты жана Сауд Аравияда – 2.

“ТИМ министри тарабынан иш план бекитилип берилген. Анын алкагында, шайлоо участокторун түзүү боюнча дипломаттар аталган шаарлардын ар бирине барып, сүйлөшүү жүргүзүп, участок ачуу процесси аяктап калды. Учурда 99 участок бекитилди. Алматыда эки участок ачалы дегенбиз: бири Башкы консулдуктун имаратында болсо, экинчиси кыргызстандыктар көп жашаган райондо. Экинчиси да эки-үч күндүн ичинде бекитилет”, – деди.

Айтымында, бул шайлоонун буга чейинкилерден өзгөчөлүгү: мында сыртта жүргөн мекендештердин баары, эгерде эле Кыргызстанда каттоосу болсо шайлоо укугунан колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Башкача айтканда, буга чейин сырттагы шайлоочулардын тизмеси консулдук каттоого ылайыктуу болсо, азыр бул тизме менен чектелбейт, бардык кыргызстандык шайлоодо добуш бере алышат.