Жаңы үлгүдөгү паспорт: эмнелер өзгөртүлдү жана кимдер ала алат
Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт иштелип чыгып, биринчи ээлерине кечээ, 3-ноябрда тапшырылды. Мындан ары жарандарга жаңы үлгүдөгү паспорттор берилет.
“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Мониторинг жана уюштуруу иштер бөлүмүнүн башчысы Надырбек Абсаматов билдиргендей, паспорт алуу үчүн жарандар аталган ишкананын Калкты тейлөө борборлоруна кайрылып, арыз таштай алышат. Андан сырткары, кайсы бир себептер менен үйүнөн чыга албаган жарандар үчүн мобилдик топ иштейт, алар жерине барып, арыздарды кабыл алышат.
Абсаматовдун айтымында, документтин сырткы көрүнүшү, коргоо деңгээли толугу менен жаңыланып, улуттук символика чагылдырылган.
“30дан ашуун коргоо элементи бар. Ошондуктан, аны жасалмалоо мүмкүн эмес, кооптонууга негиз жок. Документ бардык талаптарга жооп берет”, – деди ал.
Эскерте кетсек, паспортторду жаңы үлгүгө алмаштыруу талабы болбойт. Мөөнөтү бүткөн, виза баракчасы толгон ж.б. орчундуу себептер менен паспорт алмаштырууга муктаж болгон жарандарга мындан ары жаңы үлгүдөгү документ берилет.
Ошондой эле, Надырбек Абсаматов белгилегендей, азыр мурдагыдай паспорт алмаштыруу үчүн катталган жерине баруунун кажети жок. Мисалы, эгерде жаран аймактарда катталып, а өзү Бишкек шаарында жашаса, анда өзү жашаган жерге жакын Калкты тейлөө борборуна барып, арыз таштай алат.
