Эсептөө палатасы Билим берүү министрлигинде 414,5 млн сомдук каржылык бузууларды аныктады
18 октябрь

Эсептөө палатасы Билим берүү министрлигинде 414,5 млн сомдук каржылык бузууларды аныктады

Билим берүү жана илим министрлигинде 414 547,4  миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. 

2022-жылга карата КР Билим берүү жана илим минитсрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй бузуулар аныкталган:

Бардык каржы бузуулардын аныкталган суммасы – 414 547,4 миң сомду түздү, калыбына келтирүүгө тийиш – 154 180,0 миң сом; калыбына келтирилди – 78 200,1 сом.

Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар – 10 314,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 422,8 сом.
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 150 478,2 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 41 626,7 миң сом; Калыбына келтирилди - 425,1 миң сом.
  • Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 123 839,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 87 255,2 мин сом; Калыбына келтирилди - 72 842,3 миң сом.
  • Эсептин жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 89 191,1 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 24 539,0 мин сом; Калыбына келтирилди – 4 932,7 миң сом.
  • Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 39 053,6 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 336,3 мин сом.
  • Коллизиялар жана ченемдик укуктук актыларды жана эл аралык келишимдерди процедуралык бузуулар - 1 670,8 сом.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.