Баткенде бодо малдарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды
2025-жылдын 24-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Ураган” постунда милиция кызматкерлери тарабынан “Mercedes-Benz Atego” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулуп, анын ичинен 44 баш ири мүйүздүү бодо мал табылган. Малдарга тиешелүү документтер жана кулак биркалары болгон эмес.
Тергөө маалында бул малдар Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары М уулу Б. жана Б.К. аттуу жарандарга таандык экени, алар алдын ала сүйлөшүп алып, бодо малды Кыргыз Республикасынын аймагынан мыйзамсыз, бажы көзөмөлүнөн тышкары жол менен коңшу мамлекетке чыгарып кетүүгө аракет кылышканы аныкталган. Айдоочу А.Ш. болсо малды Кадамжай шаарына жеткирүү тууралуу жалган маалымат алган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 44 баш бодо малдын жалпы баасы 3 590 000 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр М уулу Б. жана Б.К. кармалып, Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
