Орозалиева: 9 айда катталган жол кырсыктарынын 80 пайыздан ашууну айдоочулардын күнөөсүнөн болгон
2025-жылдын 9 айында Кыргызстандын аймагында 6200дөн ашуун жол унаа кырсыктары катталган. Анын кесепетинен 600дөн ашуун адам каза таап, 900дөн ашуун жаран ар кандай жаракат алган. Ал эми балдар катышкан 1600дөн ашуун жол унаа кырсыгы катталып, кесепетинен 96 бала өмүр менен кош айтышкан.
Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынын тескөөчүсү, милициянын майору Гүлназ Орозалиева “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
“Жалпы катталган жол унаа кырсыктарынын 5600дөн ашууну айдоочулардын күнөөсүнөн болгон. Бул көбүнчө ылдамдык эрежелерин сактабагандыктан, айдоочунун унааны башкарууга кайдыгер мамиле жасаганынан келип чыгат. Жол кырсыктарынан канча адам каза таап, канча адам ар кандай жараат алса, ошончо адам, ошончо үй-бүлөнүн тагдыры бузулуп жатат”, – деди Орозалиева.
Ал айдоочуларды кылдат болууга, эрежелерди сактоого чакырып:
“Бул бир гана сиздердин коопсуздугуңуздар эмес, бул башка айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн да коопсуздугу. Рулда баратканда эрежени сактабоо – бир гана өз өмүрүңүзгө эмес, башкалардын да өмүрүнө залакасын тийгизиши мүмкүн”, – деп эскертти.
