Талас облусунда мамлекеттик архивдин жаңы имараттарынын ачылышы өттү
4 декабрь

Талас облусунда мамлекеттик архивдин жаңы имараттарынын ачылышы өттү

Талас облусунда Талас шаардык мамлекеттик архивинин жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архивинин ачылышы болуп өттү. Бул саамалык аймактык архивдин өнүгүүсүндө маанилүү окуяга айланды.

Курулуш 2023-жылдын аягында республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган капиталдык салымдар программасынын алкагында башталган. Жаңы архивдик жайлар заманбап талаптарга жооп берип, бул тарыхый маанилүү документтердин ишенимдүү сакталышын камсыз кылат жана жарандардын архивдик маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат. Бакай-Ата райондук архивинин имараты буга чейин авариялык абалда болуп, архивдик документтерди сактоо талаптарына жооп берчү эмес

. Талас шаардык архиви 2018-жылга чейин ижарага алынган жайларда жайгашып, үч жолу ордун алмаштырууга аргасыз болгон. 2018-жылы өзүнүн имаратына ээ болгондугуна карабастан, ал имарат эскилиги жетип, сактоочу жайлардын жетишсиздигинен улам архивдик иш үчүн ылайыксыз бойдон калган.