Кышка даярдык: Бишкек жана Чүйдүн аймагына майда көмүрлөр киргизилбейт
4 ноябрь

Кышка даярдык: Бишкек жана Чүйдүн аймагына майда көмүрлөр киргизилбейт

Кыргызстанда социалдык мекемелерди камсыздоодон тышкары, элдин керектөөсүнө бир сезондо 1 миллион 400 миң көмүр талап кылынат. 2023-2024-жылдагы Кара-Кече көмүр кени 700 миң тонна көмүр өндүргөн. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, өлкөдө акыркы эки жылда 4 жаңы көмүр кени ачылды. Бирок көлөмдөрү чоң эмес. Андан башка буга чейин түндүк жана түштүк аймактарда иштеп келген карьерлер бар. Баары биригип жылуулук убагында керектелүүчү көмүрдү жетиштүү түрдө өндүрө алат.

“Көмүр менен камсыздоо этап менен жүрөт: Бишкек ЖЭБке, социалдык мекемелерге жеткирилет. Андан соң калктын керектөөлөрүнө. Кийинки жылдан баштап социалдык мекемелерди жай мезгилинде эле базаларды ачып, камсыздап коюну ойлонуштуруп жатабыз. Ал үчүн токтомго өзгөртүү киргизүү керек. Негизи, эл деле көмүрдү күзгө чейин эле алып алышса жакшы болмок. Баары октябрдын ортосунан баштап алып баштайт, ошону менен эки ай абдан чоң жүк жаралат”, – деди Маматов.

Ал белгилегендей, Министрлер Кабинетинин Жаратылыш министрлиги менен биргеликте чыгарган токтомуна ылайык, Бишкек жана Чүй аймагына майда көмүрлөр киргизилбейт. Ошондуктан Кара-Кече көмүн кенине эки сорттоочу комплекс орнотулган. Бүгүнкү күндө кендин өзүндө сорттолгон көмүрдүн баасы 2650 сом деп көрсөтүлгөн.