Бишкектин бир бөлүгүндө 24-апрелде ичүүчү суу жок болот
22 апрель

Бишкектин бир бөлүгүндө 24-апрелде ичүүчү суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 24-апрелде саат 09:00дөн 00:00гө чейин ичүүчү суу жок болот, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Өчүрүү району:
* пр. Ч. Айтматов - Л. Толстой көч. (РКИБ инфекциялык ооруканасынын батыш тарабы) –  Кулатов көч. – Игембердиев көчөсүнүн  түштүк тарабы,  Кулатов көч.- Панфилов көч. - М. Горький – көч. Минина  көч –  Пожарский  көч.- М.Горький көч  – Ч. Айтматов проспектиси;
* Манас пр. -  Ж.Бөкөнбаев көч  -  Н.Исанов көч  – темир жол линиясы;
•  Ч. Айтматов пр. -  Балагулов көч.  -  Юдахин көч  - Алтымышев көч.  – Матыев көч  -  Л.Толстой көч.

Таза суу диаметри 400 мм болгон Кара-Суу суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын  суранат.