Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала бар
17 март

Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала бар

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын учурдагы абалы жана алардын дарылануусу боюнча маалымат берет.

Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда: 4 бала чет өлкөлөрдө терапиядан өтүүдө, ал эми 8 бала түздөн-түз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө зарыл дары каражаттарды алууда.

Белгилей кетсек, азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок, заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Кыргызстанда балдардын дарылоосу Жогорку технологиялар фондунун (ЖТФ) каражаттарынын эсебинен камсыздалат, алар Рисдиплам препаратын сатып алууга багытталган.