Кыргызстанга Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы келди
Кыргызстанга бүгүн, 29-октябрда Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы келди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Бул ички каттамдарды тейлөө үчүн "Манас» эл аралык аэропорту" ААК сатып алган төрт учактын экинчиси, үчүнчүсү 2025-жылдын январынжа, төртүнчүсү майда келет.
2025-жылдын май айынан тарта төрт учак тең өлкөнүн бардык аймактарына учуп, тургундарга толук кандуу кызмат көрсөтө баштайт.
"Акыркы 30 жылдан бери иштебей турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман жана Кербен аэропорттору иштей баштайт. Учурда алар учактарды кабыл алууга толук даяр", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, сатылып алынган учактардын алгачкысы өлкөгө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында алынып келген.