ИИМ жана УКМКнын беш кызматкери генерал наамынан ажыратылды
Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы беш кызматкери генералдык наамынан ажыратылды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Тизме:
- Алмазбек Орозалиев милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;
- Мирлан Каниметов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды ;
- Малик Нурдинов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды ;
- Талантбек Салиев генерал-майор наамынан ажыратылды;
- Санжарбек Эркинбаев генерал-майор наамынан ажыратылды.
