Кыргыз Республикасынын ИИМ экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө
23 октябрь

Кыргыз Республикасынын ИИМ экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө

Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун тарапташтары жашаган алты даректе тинтүү иш-чараларын өткөрдү.

Тинтүү учурунда диний мазмундагы адабияттар, баракчалар жана электрондук маалымат каражаттары алынган.

Азыркы учурда алынган материалдар боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.