Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарда жашаган 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул берилип баштайт
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандагы бийик тоолуу жана жетүүгө алыс болгон калктуу конуштардын жаңыланган тизмесин жана ал жактарда жашаган элге мамлекеттик камкордук боюнча маселени кароодо.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Равшанбек Сабировдун маалыматына караганда, өлкөдөгү бийик тоолуу (1800 метрден жогорку бийиктикте жайгашкан) калктуу конуштардын тизмеси кайра каралып чыгып, ага 31 калктуу конуш кошулса, дагы 61 калктуу конуш тизмеден чыгарылган. Жыйынтыгында, 434 калктуу конуш бийик тоолуу аймак деп табылды.
Депутат Советбек Рустамбек уулу бийик тоолуу аймактарда жашаган калкка кандай жеңилдиктер берилээрине кызыкты. Ал бул суроолор шайлоочулардан телефон аркылуу келип түшкөнүн белгиледи.
«Компенсация алуу үчүн кандай талаптар жана документтер талап кылынат? Элди кыйнабаш керек, алар алыс жол басып райондун борборуна келип, бул документ, тиги документ керек деген маселеге дуушар болушат. Андан сырткары, тоолуу аймактарда жашаган жарандардын пенсиясы салыштырмалуу жогору болобу?» – деди депутат.
Эмгек чөйрөсүндөгү чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Жазгүл Калмырзаеванын айтымына, «Бийик тоолуу аймактарда жашаган адамдарга мамлекеттик гарантияларды көрсөтүү боюнча» мыйзамга ылайык, эмгек акыларга, жөлөкпулдарга райондук коэффициент каралган.
Депутаттын экинчи суроосуна Социалдык фонддун төрагасынын орун басары жооп берди. Анын айтымында, пенсия башка аймактардан айырмаланбайт. Болгону, бийик тоодо жашагандар башка аймакта жашаган жарандарга караганда пенсияга 8 жыл эрте чыгышат. 3 жана андан көп балалуу энелер 13 жыл эрте чыгышат.
«Бийик тоолуу аймактарда жашаган 3 жашка чейинки балдарга ай сайын жөлөк пул берилеби? Мында ошол үй-бүлөнүн кирешесине жараша төлөнөбү же баарына бирдейби?» – деди депутат.
Соцфонддун төрагасынын орун басары белгилегендей, 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул 2026-жылдан тартып бериле баштайт.
«3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүнү депутат Камила Талиева баштаган депутаттык топ демилгелеген. Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына үй-бүлөнүн кирешеси эске алынбай берилет. Бирок бала 3 жашка чыккандан кийин ал жөлөкпул токтойт дагы, андан ары кирешеге жараша жөлөкпул берилеби же жокпу, аныкталат. Азырынча биз мындай жөлөкпулду 3 миң сом деп атабыз, бирок Финансы министрлиги менен кеңешип чечилет», – деди ал.
«Кеңешип отурбай эле 5 миңден кылгыла. 3 миң азыр эч нерсеге жетпейт», – деди анда Советбек Рустамбек уулу.
