Асель Чынбаева: Биздин максат – балдарга зордук-зомбулукка орун жок экенин жеткирүү
23 октябрь

Асель Чынбаева: Биздин максат – балдарга зордук-зомбулукка орун жок экенин жеткирүү

Кыргызстандын бир катар аймактарында балдарга болгон зордук-зомбулукту алдын алуу максатында улуттук маалыматтык караван ишке ашырылды. Бул иш-чарада мектептердин мугалимдерине, окуучуларына жана ата-энелерге балдарга болгон зордук-зомбулукту кантип токтотуу керектиги, балдардын жүрүм-турумундагы эске алуучу жагдайлар ж.б. тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева билдиргендей, караванда психологдор да болушуп, алар ата-эне жана окуучуларга жеринде психологиялык жардам көрсөтүштү.

“Учурда Кыргызстанда балдар укугуна байланыштуу кырдаал абдан актуалдуу. Акыркы убакта балдарга байланышкан окуялар коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Ошондуктан, ар кандай зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында улуттук маалыматтык караванды ишке киргиздик. Бул профилактика катары маалыматтык агартуу иш-чараны камтыйт. Бир гана балдарга эмес, мугалимдерге жана ата-энелерге да басым жасалат”, – деди Чынбаева.

Айтымында, Бишкектин Ак-Босого конушундагы мектептен башталып, Чүй облусундагы айрым мектептерден улантылып, андан ары Ысык-Көлгө жол алган караванда психологдор ата-энелер менен бир жарым сааттан иштешкен.

“Мени таң калтырганы жана ыраазы кылганы – бул ата-энелердин өтө активдүүлүгү болду. Чынында, мен мынчалык активдүүлүктү күткөн эмесмин. Алар балдарынын психологиялык абалына кызыкдар болушуп, канткенде психикалык жактан саламаттыгы чың баланы чоңойто алышаарын сурап жатышты. Караванга балдар менен иштешүүдө чоң тажрыйбага ээ адистер камтылган. Мисалы, Балдарды коргоо борбору бул жаатта 25 жылдан бери иштейт. Аларда татаал мүнөздөгү өспүрүмдөр, оор турмуштук шартка кабылган өспүрүмдөр бар. Бул борбордун адистери абдан чоң окуяларга туш болушкан жана абдан тажрыйбалуу. Алар дагы ата-энелерге, балдарга, мугалимдерге кеңешин берип, багытын аныктап берүүгө аракеттеништи”, – деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Ал белгилегендей, караванда бир гана суроо-жооп орун албай, балдарга сүрөт тарттыруу, эссе жаздыруу жана ата-энелер менен оюн түрүндөгү иштешүү алардын учурдагы психикалык абалын байкоого жардам берген.

“Балага коопсуз чөйрөнү түзүү – жалпы милдет. Биздин максат – балдарга зордук-зомбулукка орун жок экенин түшүндүрүү”, – деди.

Айтымында, улуттук маалыматтык караван дагы да уланат, кийинки багыт – Бишкекке караштуу калктуу конуштардагы мектептер.