Саламаттык сактоо министринин м.а. Шаардык балдар клиникалык ооруканасына пландан тышкары барды
Бүгүн, 2025-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин м.а. Каныбек Досмамбетов Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барып, клиникалык-диагностикалык бөлүмдүн иши, бейтаптарды кабыл алуу тартиби жана КРВИ менен сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу абал менен таанышты. Кабыл алууну күтүп турган адамдардын көптүгүн көргөн министр бейтаптардын тыгыз топтолушу кошумча жугузуу коркунучун жаратарын, ошондой эле ата-энелер менен балдар үчүн, жогорку жүктөмдө иштеп жаткан медициналык кызматкерлер үчүн да ыңгайсыздык түзөрүн белгиледи.
Иш сапарынын алкагында министрдин м.а. профилдик башкармалыктардын адистери, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы адистери, ошондой эле Улуттук эне жана балдарды коргоо борбору менен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчилери катышкан жыйынды өткөрдү. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык абал, оорулуулардын өсүү динамикасы жана ыкчам чаралар талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында министрдин м.а. Каныбек Досмамбетов стационарлардын жүгүн азайтууга, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана бейтаптар менен медицина кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Саламаттык сактоо министрлигинин алдында сутка бою иштей турган Ситуациялык борбор түзүүнү тапшырды. Борбор эпидемиологиялык кырдаалды, калктын кайрылууларын жана ооруканалардын жүктөлүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, өз убагында чечим кабыл алууну камсыздай турганы белгиленди.
Министр Улуттук эне жана балдарды коргоо борборунун жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын базасында бөлүмдөрдү убактылуу кайра багыттоо аркылуу кошумча 200 керебет жайгаштырууну тапшырды. Бул чара Бишкек шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасынын ашыкча жүктөлүшүн алдын алууга жана жардамга муктаж балдарга өз учурунда кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жумушун жеңилдетүү максатында Бишкек шаарындагы баштапкы звенодон 10 педиатрды убактылуу стационарга жөнөтүү тапшырылды. Бул кабыл алуу бөлүмүнүн ишин күчөтүүгө жана бейтаптардын агымын туура уюштурууга жардам берет. Ошондой эле Балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын аймагында эки көчмө клиника жайгаштыруу тапшырылды. Бул жеңил формадагы КРВИ менен кайрылган балдарды ыкчам кабыл алууга, негизги корпустагы кезекти азайтууга жана кайрылгандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
«Бүгүн биздин негизги милдет – сезондук оорулардын өсүү шартында балдарга өз учурунда жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү. Биз алдын ала чара көрүп, дарыгерлердин жүгүн азайтууга жана калк үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Ситуациялык борбордун түзүлүшү, телемедицинанын күчөтүлүшү, кошумча керебеттердин жайгаштырылышы жана адистерди тартуу – бул кырдаалды турукташтырууга жана ишибиздин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген кадамдар», – деп баса белгиледи КР Саламаттык сактоо министринин м.а. Каныбек Досмамбетов.
Белгилеп кетсек, 49-жумада (1–5 декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 42 561 учуру катталды. 48-жумага салыштырмалуу оорулуулардын өсүшү 15,3% түздү (48-жумада 37 066 учур). Бардык катталган бейтаптардын 72,1% –14 жашка чейинки балдар (15 029 учур).
