Бишкек: Коопсуздук эрежелерин бузган компанияга 200 000 сом айып салынды
22-октябрда Бишкек шаарынын Ахунбаев/Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан курулуш объектисинде коопсуздук техникалык эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн.
Курулуш министрилигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлгөн дарек боюнча ыкчам аракеттер көрүлдү.
Аталган даректе курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кыргыз Курулуш Долбоор” ЖЧКсына карата КР СН 12-01:2018 “Курулуштагы эмгекти коргоожана коопсуздук” ченемдерин бузгандыгы үчүн протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Ал эми, 4-разряддагы мунара кранынын машинисти М. А. К. карата өзүнчө чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле, анын кран башкарууга уруксат кагаздарынын шайкештиги боюнча аттестациядан өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш уюмдарын Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын, ошондой эле курулуштагы коопсуздук техникалык талаптарын толук сактоо зарылдыгын эскертет.
