Депутаттар Ысык-Ата районундагы шагыл-таш казылган карьерлердеги маселени жеринде көрдү
Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов менен Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунун Интернациональное айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, шагыл-таш казылып жаткан карьерлер боюнча алардын көйгөйлөрүн укту. Жолугушууга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, прокуратуранын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
Айыл тургундары жайыт жерлер азайып, карьерлер көбөйүп жатканына даттанып, алардын ишинин мыйзамдуулугун текшерип, айрымдарын жаптырууну өтүнүүдө.
«Өзгөчө айылга жакын жерде шагыл казып жаткан «КС Интер» фирмасынын ишмердиги бизди тынчсыздандырууда. Алар токойлуу жерди да казып башташты. Жолдорубуз талкаланып, жайлоого кеткен жол да жок болду. Эгер алар ишин улантса чоң асфальт жолго чейин жетет экен, карьер ары-бери каттаган эл үчүн кооптуу болуп калат», – деди Айжигит Биримкулов.
Ысык-Ата районунун акими Эркайым Сейитказиева аталган фирма 17 гектар токойлуу жерге долбоорлоого лицензия алганын, анын 3.5 гектар аянтында уруксат менен казуу иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы 30га чукул карьерден алынып жаткан таш-кум менен МИКтин үйлөрү, Бишкектин жолдору салынып жатканын эске алып, казуучу ишканалардын ишмердигинин мыйзамдуулугун карап, жергиликтүү тургундарга да кесепети тийбегендей иш алып барылышы керектигин айтты. Ал эми депутат Улугбек Ормонов тургундар даттанып жаткан фирмалар боюнча прокуратурага, УКМКга териштирүү үчүн кайрылуу жолдонорун кошумчалады.
