КР БШК № 17 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 17 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 17 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Азыгалиев Нурланбек Асанбекович – 12 020 добуш (24,71%);
- Узакбаев Улукбек Камчибекович – 10 766 добуш (22,13%);
- Эсенаманова Чолпон Замирбековна – 4 714 добуш (9,69%).
№ 17 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 102 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 149 255 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 49 363 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35,07% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 44 230 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 29,63% түздү. 5 133 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,44% түздү.
№ 17 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, бир талапкердин каттоосу жокко чыгарылган, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 17 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Асаналиев Аскат Уланбекович – 1 717 добуш (3,53%);
2. Азыгалиев Нурланбек Асанбекович – 12 020 добуш (24,71%);
3. Жанузакова Кыял Байышевна – 739 добуш (1,52%);
4. Чыныбаева Айжан Адамкалиевна – 3 943 добуш (8,11%);
5. Эсенаманова Чолпон Замирбековна – 4 714 добуш (9,69%);
6. Узакбаев Улукбек Камчибекович – 10 766 добуш (22,13%);
7. Сабырбекова Ырыс Сабырбековна – 800 добуш (1,64%);
8. Манамкулов Дастан Майрамбекович – 618 добуш (1,27%);
9. Нурмухамедов Эрназар Муратбекович – 1 284 добуш (2,64%);
10.
11. Камчыбеков Адилет Сабырбекович – 901 добуш (1,85%);
12. Касаналиева Жылдыз Остемировна – 683 добуш (1,40%);
13. Чойбеков Бактыбек Каныбекович – 8 026 добуш (16,50%);
14. Курманалиева Койсун Аблабековна – 1 182 добуш (2,43%);
15. “Баарына каршы” – 1 247 добуш (2,56%).
№ 17 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 12 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 17 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Азыгалиев Нурланбек Асанбекович, Узакбаев Улукбек Камчибекович жана Эсенаманова Чолпон Замирбековна таанылды.
