Мыйзамсыз менчиктештирилген стоматологиялык поликлиника имараты жана жер тилкеси кайтарылды
8 декабрь

Мыйзамсыз менчиктештирилген стоматологиялык поликлиника имараты жана жер тилкеси кайтарылды

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас шаарынын борборунда жайгашкан "Жалалабадстоматология" стоматологиялык поликлиникасынын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 113 млн 872 миң сомдук жогоркуда белгиленген имарат жер аянты менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды.