Кадамжайда катуу жол кырсыгынан 3 адам каза болду
8 декабрь

Кадамжайда катуу жол кырсыгынан 3 адам каза болду

2025-жылдын 7-декабрь күнү саат 19:45 чамасында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү “Ош–Раззаков” унаа жолунда эки унаа кагылышкан жол кырсыгы катталды.

Аталган маалымат бөлүмдүн маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзгөн учурунда төмөнкүлөр аныкталган. “Деу-Тико” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Н.Д. унаасын түндүктөн түштүккө карай башкарып бараткан учурда, карама-каршы тилкеге чыккан “Форд-Пикап” унаасы кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен “Деу-Тико” унаасынын жүргүнчүлөрү – 38 жаштагы Х.Н. жана 16 жаштагы Ю.М. окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми айдоочу Д.Н. оор жаракат алып, тез жардам унаасында ооруканага жетпей көз жумган.

Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп, “Форд-Пикап” унаасынын 35 жаштагы айдоочусу Т.Т. Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөнүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.