Чүй облусунун милиция кызматкерлери денеге оор жаракаттарды келтирүү фактысы боюнча шектүүлөрдү кармашты
23 октябрь

Чүй облусунун милиция кызматкерлери денеге оор жаракаттарды келтирүү фактысы боюнча шектүүлөрдү кармашты

2025-жылдын 14-сентябрында саат 18:00 чамасында Ысык-Ата РИИБне Новопокровка айылындагы “үчүнчү көлмөнүн” аймагында массалык мушташ тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери келгенде, 1986-жылы туулган Т.К. атту жергиликтүү тургун ар кандай дене жаракаттарын алганын аныкташкан. Жабырлануучунун айтымында, аны бергизис адамдар уур токмокко алган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдар аныкталган. Алар: 1987-жылы туулган А.Б. жана 1988-жылы туулган Т.В. экендиги аныкталып, алар Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук сот тарабынан аларга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштери уланууда.