
Мэр Айбек Жунушалиев Армениянын эличисин кабыл алды
Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиев менен Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевандяндын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызмтынан кабарлашты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын борборлору, Бишкек жана Ереван шаарларынын ортосундагы шаарлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Айбек Жунушалиев эки элдин ортосундагы маданий, экономикалык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.