Бишкек менен Кипрдин өз ара кызматташуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар багыттар аныкталды
8 декабрь

Бишкек менен Кипрдин өз ара кызматташуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар багыттар аныкталды

Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен Кипр Республикасынын элчиси Кипрос Гиоргаллистин жолугушуусу болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушуунун максаты — шаарды өнүктүрүү, жол кыймылын башкаруу, ошондой эле коопсуз жана натыйжалуу транспорттук инфраструктураны камсыздоо боюнча кызматташууну талкуулоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдөн тартып транспорттук коопсуздукту жогорулатууга чейин — Бишкек менен Кипр Республикасынын өз ара кызматташуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар багыттар аныкталды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.