Октябрь райондук администрациянын кызматкери аралашкан баңгизаттарды сатуу менен алектенген баңгилик топтун ишмердигине бөгөт коюлду
3 ноябрь

Октябрь райондук администрациянын кызматкери аралашкан баңгизаттарды сатуу менен алектенген баңгилик топтун ишмердигине бөгөт коюлду

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 28-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө “гашиш” баңгизатын ири өлчөмдө сатуу менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү 1977-ж.т. Ж.А.М., 1985-ж.т. И.Э. кармалышты. Кармалган жарандардын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, ага ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун “Макси” аттуу кызматтык издөө ити колдонулган жана үйүндө катылып турган “марихуана”, “гашиш” баңгизаттары табылып алынган.

Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

КР Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык 1985-ж.т. И.Э. аттуу жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө изоляторуна киргизилген.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.