Вячеслав Володин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен Кыргызстанды куттуктады
Бүгүн, 8-декабрда, Москвада Вячеслав Володиндин төрагалыгы алдында ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жыйыны өтүүдө.
Вячеслав Володин Кеңештин жыйынын ачып жатып, бардык катышуучуларды тааныштырды жана кыргызстандык кесиптештерди өткөн кезексиз парламенттик шайлоолор менен кутштуктады.
ЖККУ ПАнын төрагасы ЖККУдагы Россиянын төрагалыгынын артыкчылыктарын белгилеп өттү.
Бул артыкчылыктар Россия президенти Владимир Путин тарабынан Бишкектеги саммитте сунушталган. Володин Евразиядагы тең жана бөлүнгүс коопсуздуктун бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуу маанилүү экенин, ошондой эле Россиянын артыкчылыктарын мыйзамдык жактан камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Алар ЖККУ ПАнын жаңы мыйзам чыгаруу программасынын долбооруна киргизилген.
