Шайназаров: №13 округдан депутаттар шайлангыча, парламент ишмердүүлүгүн баштай берет
№13 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы парламенттин жалпы ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Айтымында, 14-декабрга чейин расмий жыйынтык жарыяланат.
“Добуш берүү учурунда катталган мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын негизинде №13 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. ИИМ тиешелүү материалдарды каттап иштер жүрүп жатат. 14-декабрда расмий жыйынтык жарыяланат. Андан соң 15 күндүн ичинде жаңы парламент биринчи жыйынга чогулушу керек. №13 шайлоо округунан 3 депутаттын болбой калышы, ишмердүүлүккө терс таасирин тийгизбейт. Анткени кворум бар, 87 депутат иштеп турат”, – деди ал.
Ал кошумчалагандай, добуш берүү процессине 1 миллион 584 миң шайлоочу катышкан. Аралыктан 216 шайлоочу добуш берген. Бул 37 пайызды түзөт жана мурдагы шайлоолорго караганда көрсөткүч көбүрөөк.
Эске салсак, БШК №13 шайлоо округундагы шайлоону мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тааныган. Себеп - шайлоочулардын кыймылын мыйзамсыз көзөмөлдөп, шайлоонун купуялуулугун бузуу аракети болгон. Мындан улам округдан шайлоого катышкан 14 талапкер, анын ичинде көп добуш алган Бактыбек Сыдыков кайра шайлоого катыша албайт.
