Сузак – Каду жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө
6 июнь

Сузак – Каду жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө

“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №52 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Сузак – Каду жолунун 30-чакырымынан 35-чакырымына чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Союз мезгилинен бери оңдоодон өтпөгөн жолдун туурасы кеңейтилди. Жол курулуш иштери бекитилген графикке ылайык, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен жасалууда.