Кыргыз жарандары эми жаңыланган үлгүдөгү паспортторду ала башташат
Кыргызстанда бүгүн, 3-ноябрда жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор жана ID-карталардын расмий презентациясы болуп өттү. Иш-чарада президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы документтердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, буларга токтолду:
«Жаңы паспортторду жана ID-карталарды эми жасоого же жасалма жолу менен колдонууга мүмкүн эмес».
Жаңы үлгүдөгү паспорттор бир катар жаңылануулар менен коштолду.
• Мамлекеттик символдордун өзгөрүшүнө — жаңы желекке ылайыкташтырылды;
• Толук өндүрүш процесси Кыргызстанда жүргүзүлөт, документтер «Учкун» ААКсынын базасында даярдалат;
• Инновациялык технологиялар жана коргоо элементтери колдонулуп, жасалма документтерге каршы жогорку коопсуздук деңгээли камсыздалды.
Жаңы паспорттун артыкчылыктары:
• Чек араларда жарандарды так жана ыкчам эсепке алуу мүмкүнчүлүгү;
• Трансчек аралык кылмыштуулукка каршы эффективдүү күрөш;
• Жасалма документтердин колдонулушун толук жоюу;
• Миграциялык көзөмөлдүн сапатын жакшыртуу.
Жаңы үлгүдөгү паспорттор Президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, «Учкун» ААК жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги тарабынан биргеликте иштелип чыкты.
