Кыргызстанда порносайттарга кирүүгө толук тыюу салуу сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Кыргызстанда порнографиялык интернет-ресурстарга кирүүгө толук тыюу салууну сунуштады. Анын пикиринде, жашы жете электерди жагымсыз контенттен коргоо үчүн колдонуудагы мыйзамдык чектөөлөр жетишсиз.
Депутат бул демилгени 28-октябрда Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү талкуулоо учурунда көтөрдү.
Аманова бир катар өлкөлөрдө мындай сайттарга кирүүгө чектөөлөр киргизилгенин, ошондой эле ата-энелер балдарынын интернеттеги аракеттерин көзөмөлдөө үчүн кошумча каражаттарды колдонорун белгиледи.
Талкуу учурунда санариптештирүү боюнча эксперт Марат Торобеков каралып жаткан өзгөртүүлөр баланы порнобизнеске тартууга байланыштуу 162-беренени камтый турганын түшүндүрдү.
Мыйзам долбоору телекоммуникациялык тармактар аркылуу порнографиялык материалдарды таратууну жөнгө салууну карайт.
Бирок Аманова бул ченемдер порносайттарга кирүүгө толук тыюу салууну караштырбай турганын белгиледи.
«Убактысы келди. Бул сайттар жашы жете электерге терс таасирин тийгизүүдө. Коркпой эле тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыккыла, биз карап чыгабыз», — деди депутат.
Ал Министрлер кабинетин өлкө аймагында мындай ресурстарды бөгөттөөгө мүмкүндүк бере турган кошумча мыйзамдык өзгөртүүлөрдү даярдоого чакырды.
