Ислам өнүктүрүү банкынын туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо долбоорун даярдоо боюнча миссиясы Кыргызстанда өтүүдө
28 октябрь

Ислам өнүктүрүү банкынын туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо долбоорун даярдоо боюнча миссиясы Кыргызстанда өтүүдө

2026-жылдын 24-октябрынан тартып Кыргыз Республикасында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) «Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо» долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда.

Техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) даярдоонун алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын адистери Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган жер тилкелери менен таанышып, алардын абалын жана учурдагы инфраструктураны баалашты, ошондой эле аймактардагы саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарын талкуулашты.

Долбоордун алкагында үч ири медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда:

·        Ош облустар аралык онкологиялык борбору;

·        Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты;

·        Нарын облусундагы көп тармактуу оорукана.

Учурда миссиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүүдө. Жолугушууларда долбоорду даярдоонун кийинки этаптары, медициналык уюмдардын муктаждыктары, ишке ашыруунун техникалык маселелери жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.

Миссиянын негизги максаты — сунушталган долбоорлорду андан ары иштеп чыгууга даярдыгын баалоо жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен аларды ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды аныктоо.

Аталган демилгелерди ишке ашыруу саламаттык сактоонун инфраструктурасын чыңдоого, калктын адистештирилген медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын аймактарында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.