Махабат Мавлянова «Баатыр эне» орденин алуунун тартибин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады
Кыргызстанда көп балалуу энелерге берилүүчү «Баатыр эне» орденин алуу тартибин жөнөкөйлөтүп, чогултулуучу документтердин санын кыскартуу сунушталууда.
Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова көтөрдү.
Анын айтымында, азыркы жол-жобо ашыкча бюрократия менен коштолуп, мамлекеттик сыйлык алууга укуктуу аялдар үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.
Депутат орден берүүдө энелердин белгиленген сандагы балдарды төрөп, тарбиялаган фактысына негизги көңүл буруу керектигин белгиледи. Анын ордуна аялдарды көп убакыт талап кылган документ чогултуу жараянынан өткөрбөө зарыл.
Ошондой эле ал айрым аялдар орденди балдары 30–40 жашка жеткенден кийин, көп жылдар өткөн соң гана алып жаткан учурларга көңүл бурду.
Махабат Мавлянова өкмөттү жана тиешелүү мамлекеттик органдарды колдонуудагы тартипти кайра карап чыгып, көп балалуу энелер үчүн сыйлык алуу жол-жобосун мүмкүн болушунча жөнөкөй жана жеткиликтүү кылууга чакырды.
«Көп балалуу энелерди кыйнабаш керек. Документ тапшыруу ашыкча бюрократиясыз жүргүзүлүп, орден алуу тартиби жөнөкөйлөтүлүшү керек», — деди депутат.
