Ошто автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды
Ош шаарында бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Алимбек Маматов, ошондой эле тармактын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Салтанатта шаар башчысы Жанарбек Акаев транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, шаардагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүдө, жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын жакшыртууда жана калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүдө алардын эмгеги чоң мааниге ээ экенин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө өз тармагында үзүрлүү эмгектенип, Ош шаарынын өнүгүшүнө жана тургундарды сапаттуу тейлөөгө салым кошкон бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин сыйлыктары тапшырылып, концерттик программа тартууланды.
