Жапаров: Ширшов 11 жылдан кийин өзү туулуп-өскөн жерине кайтып келгенине эки дүйнө ыраазы
Алексей Ширшов 11 жылдан кийин өзү туулуп-өскөн жерине кайтып келгенине эки дүйнө ыраазы. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 27-октябрда Super.kg порталына берген маегинде билдирди.
Президент маегинде өзү да 4 жыл чет өлкөдө жашагандыгын, мекендин баркын жакшы билерин эске салган.
"Миллиардер болсоң да, өз Мекениңе бир күнгө келе албасаң, миллиарддарыңдын деле кызыгы жок болуп калат", - деген президент мындан бери жыл мурда Өмүрбек Бабанов менен баарлашып калганын айтып берген.
"Ал да Сооронбай Шариповичтин убагында бир жыл Кыргызстанга келе албай жүрбөдүбү.
Ал: “Садыр Нургожоевич, өз өлкөңө келе албай жүрсөң, миллиард долларың бир тыйынга татыбайт экен. Тоолорду сагынат экенсиң, кичи мекениңди сагынат экенсиң, ошол үчүн камаса камасынчы деп 2020-жылы Кыргызстаныма баса бердим”, - деген эле. Анын сыңарындай, Ширшовго да миллиарддары бир тыйын болуп калса керек. 11 жыл чет өлкөдө жүрүптүр", - деди.
Садыр Жапаров Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенде аны менен сүйлөшкөндүгүн айтты.
"Мен ага мындай дегем: “Силер 2005–2010-жылдары жакшы эле байыгансыңар. Эми мындан ары мамлекеттин байышына салым кошушуң керек. Эгер дагы деле баягы адатыңарды карматып, мамлекеттин эсебинен дагы да байыйм деп келген болсоң, анда жаңылышасың. Ордуң түрмө болот”, - дегем. “Мен жардам гана берем” деп сөз берип кеткен.
Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти.
Буга чейин бир топ жардамдарды берди. Аларды Токтогулда элдин алдында айттым. Азыр кайталап айтпай эле коёюн. Акыркы жолу социалдык программа экен деп 10 күн мурда МИКке (Мамлекеттик ипотекалык компания) 100 миллион доллар он жылга, үстөк пайызы жок насыя берди. Бул акча Каржы министрлигине түшүп, ал акчалар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулду. МИКке мен бул 100 миллион доллардын 50 миллион долларын өлкөбүздүн түштүк аймагындагы, 50 миллион долларын түндүк аймагындагы ипотекалык турак-жайларды курууга бөлүп берүү боюнча тапшырма бердим", - деди президент.
