Кара-Кечеде көмүр ташыган унаалардын саны күн сайын өсүүдө
28 октябрь

Кара-Кечеде көмүр ташыган унаалардын саны күн сайын өсүүдө

Калк кыш мезгилине даярдык көрүп, көмүрдү активдүү сатып ала баштады. Кара-Кече көмүр кесиминде көмүр жүктөө жана ташып чыгуу иштери кызуу жүрүүдө.

2026-жылдын 26-октябрына карата:
▪️ Бир суткада 347 унаа көмүр жүктөлдү;
▪️ 8 307,75 тонна көмүр жөнөтүлдү;
▪️ Көмүр ташыган унаалардын саны күн сайын көбөйүп, айрым күндөрү 400 унаага чейин жетүүдө.

Октябрь айынын башынан бери Кара-Кече көмүр кесиминен, анын ичинде Бишкек ЖЭБине, жалпы 181 388,1 тонна көмүр жөнөтүлдү.

«Кыргызкомур» ААК көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү жана калктын көмүргө болгон муктаждыгын камсыздоо иштерин улантууда.