Жалал-Абад облусу менен Япониянын аймактарынын ортосундагы кызматташтык кеңейтилет
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
28 октябрь

Жалал-Абад облусу менен Япониянын аймактарынын ортосундагы кызматташтык кеңейтилет

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев бүгүн, 28-октябрда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушууда тңейтүү, инвестиция тартуу жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Облус башчысы Япония Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктураны жакшыртууга, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына көрсөтүп келе жаткан колдоосу чоң экенин белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл Япония өкмөтүнүн каржылык көмөгү менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында Аксы районунун Кербен шаарында Жаштар борбору ачылганын белгиледи. Борбор жаштардын билим алуусуна, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана коомго пайдалуу демилгелерин ишке ашыруусуна шарт түзөрүнө ишенимин билдирди.

Тилек Текебаев Япониянын JICA программасы менен кызматташуунун алкагында Жалал-Абад облусундагы жаш кадрлардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу, алардын кесиптик дараметин жогорулатуу жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусу менен Япониянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.